Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.09.2019 17:22

Ысык-Көлдө эрте никеге тургандардын саны көбөйүүдө

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жыл башынан бери эрте никеге туруу боюнча 7 учур катталган. Бул тууралуу «Ысык-Көл аялдар биримдиги» ассоциациясы эрте никеге турууга каршы уюштурган иш-чарада белгилүү болду.

Алардын маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунун аймагында эрте никеге туруу фактысы жыл сайын өсүүдө. Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, эрте никеге туруу фактысы облус боюнча Ак-Суу районунда көп катталган. Андан кийинки орунда Түп району турат. Ал жакта жыл башынан бери 2 учур катталган.

«Ысык-Көл облусунда 2017-жылга салыштырмалуу 2019-жылы эрте никеге тургандар 3 пайызга көп катталды», - деди «Ысык-Көл аялдар биримдиги» ассоциациясынын өкүлү Аида Садыкова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×