Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Талас облусу, Талас 11.09.2019 17:15 На русском

Таластагы ооруканада медайым менен оор абалдагы бейтаптын карындашы чачташты. Окуянын чоо-жайы (видео)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  9-сентябрда Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы ооруканада медайым менен ооруканада дарыланып жаткан бейтаптын карындашынын ортосунда чыр чыгып, медайым милицияга арыз жазды. Аймактык кабарчы окуянын чоо-жайын такташтырды.

Оорукананын жаракат бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткарып жаткан дарыгер Марат Умаралиевдин айтымында, эки тарап тең өз чындыктарын айтып жатышат.

«9-сентябрь күнү түшкө маал жаракат бөлүмүндө агасын карап жаткан кыз мага чуркап келди. Ал «бөлүм башчы ким?» деп сурап жүрүптүр. Мен деп жооп берсем, «кызыңарга арызданам» деп процедура кылган бөлмөгө чуркап кетти. Биздин процедуралык бөлмөдө иштеген кызды колунан алып, «администрацияга барабыз, жүрү директорго» деп сүйрөдү. Ал кыз болбой, барбайм деди. Ошол жерден бири-бирине колу тийип, биздин персонал ажыратышты.

Ал медайымдын бизде иштегенине 1 жылдай болгон. Кан тамырга ийне саят. Палатанын ичинен кандай сөз болгонун билбейбиз. Биздин медайымга жаман мамиле жасап жатат деп нааразы болушкан экен. Ар кими өзүнүн чындыгын айтып жатышат», - деди ал.

Медайым менен чырдашкан Мунара Тотобаева чыр медайымдын анын агасына туура эмес ийне сайганынан улам чыкканын айтты.

«Мен бул жакта унаа кырсыктын кийин ооруканага түшкөн агамды карап жатам. Реанимациядан кийин жаракат бөлүмүнө которулган. Агам өзү сүйлөй албайт же кыймылдай албайт. Аны караганга адам керек болуп, мен 6-сентябрдан бери жанындамын. Дарыгерлер анын сүйлөй албай турганын көрүп жатат. Бул медайым улук медайым болуп убактылуу иштеп жатыптыр. Процедуралык кабинетте отуруп, кан тамырга сайылчу ийнелерге жооп берет экен. Мен өзүм медайым болуп иштегендиктен бардык кылынуучу процедуралар менен таанышмын. Акемдин тиштери кырсыктан улам бөлүнүп кеткендиктен, «шина» салабыз деп даярдап жатканбыз. Ал учурда кан тамырына туташылган вазакандын оозу жабылбай калган экен. Медайымды чакырып келип айтсак, үңүрөйүп келип жаап кетти. Андан кийин суроолорго жооп бербей, «кыялын» көрсөтүп жатты.

Бул жерде өлүм менен күрөшүп жатып жылуу гана мамиле күтөт экенсиң. 9-сентябрь күнү ийне сайып жатканда апам "бул эмне ийне?" деп сураганда «сиз түшүнбөйсүз» деп койду. Ийнени сайып жаткан кезде агам буту менен диванды тепкилей баштады. Апам мага «сен түшүнөсүң го, карачы» деп айтты. Ийнедеги дары кан тамырга эмес, теринин алдына кетип жаткан экен. Медайымга «бул сыртына кетип жатат» деп айттым. Ал «анда өзү сүйлөбөйбү» деди. «Сүйлөй албай жатат, көрүп жатпайсыңбы. Анын ордуна мен айтып жатам» дедим. Этикага жатпаган мамиле жасап чыгып кетти. Оорукананын администрациясына барып сүйлөшөлү деп мен бөлүм башчыга бардым. Андан соң ийне сайылуучу бөлмөдөн мен анын колунан күчкө салып сүйрөдүм. Бул жерде жаткан бейтаптарга залакасы болбосун деп ойлодум. Колунан тартсам мени колго чапты. Анан мен чаптым. Ал жакама асылып калды, экөөбүздө салгылашуу башталды. Экөөбүз жакшы эле тытышып калдык. Мен анын мойнунан тытыптырмын. Бирок ал кезде мен өзүм 3 күн уктабай шок абалда болуп, эмоцияга алдырып койдум. Мен аны менен тытышам деп барган эмесмин. Мен ийне сайылуучу бөлмөгө кирбешим керек. Бирок бир тууганым үчүн уктабай, балдарымды карабай ушул жерде жүрөм. Ушул жерде чындыкты айтам деп зыян тарттым.

Бул жакта бир тууганым оор акыбалда жатат. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, бейтапка ушундай мамиле жасап, биздин жүрөгүбүздү оорутуп жатты. Медайым ошол эле күнү ички иштер бөлүмүнө барып, арыз менен кайрылган экен. Анын укугу бар, биздин укук каралбаганы өкүндүрүүдө», - деди ал.

Талас облустук биргелешкен ооруканасынын жетекчиси Нурдин Усупбековдун айтымында, медайымдын бети, мойну тытылган.

«Биздин медайым процедура жасап жаткан чакта бейтаптын жакындары тарабынан сын айтылган окшойт. Ошол нерседен чыккан чатак. Медайымыбыз «ийне сайылуучу бөлмөгө кирип келип, мага кол көтөрдү» деди. Медайымдын денесинде жаракат болгондуктан «укук коргоо бөлүмүнө кайрылыңыз» деп айтканбыз. Бети, мойну тытылып жүргөн болчу. Денесине канчалык залака келгенин дарыгерлер аныкташат. Ал ички иштер бөлүмүнө кайрылды», - деди ал.

Медайым менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Мунара Тотобаеванын агасынын ооруканага түшкөнү боюнча тактама:

5-сентябрда Талас районунун Жон-Арык айылындагы массалык мушташта жабыр тарткан 34 жаштагы Ринат Тотобаев ооруканада дарыланып жатканы кабарланган.

Ринат Тотобаевдин иниси Талгат Тотобаев агасы ооруканага оор абалда жеткирилгендигин билдирген.

«Акем Ринат Тотобаев 5-сентябрь күнү айылдашыбыз менен Кең-Кол өзөнүнө барып, тамдын чатырын жаап келе жатышкан. Тамактануу үчүн Жон-Арык айылындагы куурдак бышыруучу жайга токтошот. Ошол жерде бейтааныш жигиттер «Жигулини» жолдун ортосунда чимирилтип ойноп жатышыптыр. Акемдин жанындагы айылдашыбыз аларга «жигиттер бул жерден бирөөнү коюп аласыңар, токтоткула» деген. Ошол жерден ал жигиттер менен жакалашып кетишкен экен. Акемдер биз кете береличи деп унаага отурганда эле акемдин «Хонда Одиссей» унаасынын арткы айнегин сындырып ташташат. Ачуусу келип, кайра унаадан түшүшөт. Ошондо бейтааныш жигиттердин бири аларды дөңгөлөк чечкен шайман менен урган экен. Акемдин дагы унаасында тетиктери көп болчу. Ошолорду алып чыгып, таш, арматура жана башка буюмдар менен эки жактан чоң уруш болуптур. Акемдер тараптан экөө эле, экинчи тарапта 10дон ашык бала болгон. Бир аздан кийин жон-арыктык айылдаштарыбыз топтолуп калган кезде алар качып кетүүгө аракет кылышкан. Ошол учурда акем унаасынын айнегин талкалап салган баланын унаасын токтотом деп алдынан тосот. Ал унаасын токтотпостон ордунан 4-5 метрдей сүйрөп кетиптир. Акемди айылдаштарыбыз ооруканага алып келишиптир. Мен келип көргөндө денесинин көп бөлүгү тытылып калган экен. Кудайга шүгүр, азыр акыбалы жакшы», - деген ал.

Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы оорукананын маалыматына караганда, жабырлануучу 5-сентябрда саат 19:20 чамасында алынып келген. Анын мээси чайкалып, жаагы сынып, жамбашынан, белинен жаракат алган. Бүгүнкү күндө жандандыруу бөлүмүнөн жаракаттар бөлүмүнө которулуп, дарыланууда.

Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн 5-сентябрдагы окуя ээнбаштык катары катталгандыгын билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×