Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ош облусу, Ош 11.09.2019 11:07

Дүйнө чемпиону Алмаз Балтабаев Ош ОИИБдин башчысынын орун басары болду

Turmush -  Гиря көтөрүү боюнча дүйнө чемпиону Алмаз Балтабаев Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул маалыматты Ош ОИИБден тастыкташты.

Милициянын полковниги Алмаз Балтабаев жаңы кызматка кечээ, 10-сентябрь күнү дайындалды. Аталган буйрукка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кол койгон.

48 жаштагы Алмазбек Балтабаев 26 жылдан бери ички иштер органдарында эмгектенип келет. Буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгында тергөө кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген. «Мыкты тергөөчү» республикалык сынагынын жеңүүчүсү болгон. Жыл башынан бери жаңы кабыл алынган мыйзамдар боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана мамлекеттик ишкана-мекемелердин жетекчилерине окутуу иштерин жүргүзүп келген.

Ал былтыр Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн гиря көтөрүү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Буга чейин дагы спорт жаатында бир нече ийгиликтерге жетишкен. Гиря көтөрүү боюнча ИИМдин бир нече жолку, өлкөнүн 4 жолку чемпиону. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×