Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 11.09.2019 09:36

Нарын шаарынын мэри ким болушу мүмкүн? Депутат, аким...

Turmush -  Нарын шаарынын мэри ким болушу мүмкүн? Учурда социалдык тармактардын колдонуучулары бир катар талапкерди көрсөтүп жатышат.

Алар:

- Ниязбеков Талант Замирбекович, Нарын облустук жаштар кеңешинин төрагасы;

- Чымылдаков Эмилбек Назарбекович, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасынын башчысы;

- Мустафа Жумаканов, Нарын шаардык кеңешинин депутаты;

- Курманов Давид Үсөнбекович, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри, учурда мэрдин милдетин убактылуу аткарып жатат;

- Молдокадыров Нурбек Асыранкулович, Ак-Талаа районунун акими, мурдагы биринчи вице-мэр;

- Стал Муканбетов, Нарын шаардык кеңештин депутаты.

Буга чейин 6-сентябрь күнү Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×