Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ош облусуАлай району 10.09.2019 17:51

Видео — Алайда кар жаады

Turmush -  Алай районунда кар жаады. Бул тууралуу Алай районуна караштуу Ак-Босого айылынын тургуну Жаркынбай Кошбаев билдирди.

Анын айтымында, Ак-Босого айылы деңиз деңгээлинен 2 миң 800 метр бийикте жайгашкандыктан, жай мезгилинде деле кар жаай берет.

«Биздин айылда бүгүн, 10-сентябрга караган түнү кар жаады. Төмөнкү айылдарга кар жаабаптыр. Биз жакта бак-дарак өспөйт. Картошканы үшүк алып кеткен учурлар көп кездешет», - деди Ж.Кошбаев.

Turmush басылмасы бүгүн, 10 сентябрга караган түнү Нарын облусунун Кочкор районунда, Жумгал районунун Миң-Куш айылында, Суусамыр өрөөнүндө, 6-сентябрда Бишкек—Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда кар жааганын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×