Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.09.2019 17:32

Караколдуктар чиркөөдө Россиянын желеги туура эмес илинип турганына нааразы болуп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Караколдуктар шаардын Улуу үчтүк чиркөөсүндө Кыргызстандын желеги менен катар илинген Россиянын туусунун туура эмес илингенине нааразы болушууда.

Алардын айтымында, желек 1 жумадан бери ушул абалда илинип турат.

«Бул чиркөө тарыхый жай. Ага көптөгөн туристтер келет. Башка мамлекеттин да символун сыйлоо керек. Туулар катар жайгашып, достукту чагылдырып турат. Демек сый мамиле керек. Бул тууралуу бүгүн шаардык мэрияга да кабарладык», - деди алар.

Жыгачтан курулган чиркөө 100 жылдан ашык убакыттан бери кызмат кылып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×