Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 10.09.2019 10:49

Нарын шаарынын мэринин милдетин Давид Курманов аткарууда

Turmush -  Нарын шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Давид Курманов дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

6-сентябрь күнү Эмилбек Алымкулов Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген. Андан кийин премьер-министрдин башка буйругу менен Э.Алымкулов өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү болуп дайындалган болчу.

Давид Курманов 2018-жылдын 28-апрелинен бери Нарын шаарынын биринчи вице-мэри кызматын аткарууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×