Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 10.09.2019 09:22 На русском

Жумгалда өспүрүмдөргө кечинде көчөдө жалгыз жүрүүгө тыюу салынды

Turmush -  Жумгал районунун аймагында зордук-зомбулукту, укук бузууларды, кылмыштуулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүрүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Райондогу жалпы 24 мектептин директорлору, класс жетекчилер, прокуратура кызматкери жана аймактык тескөөчүлөр үйлөрдү кыдырып, саат 20:00дөн кийин өспүрүмдөрдүн жалгыз көчөдө жүрүүсүнө тыюу салынып, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Буга чейин райондун Чаек айылында окуучулар ата-энелерине мектепке жана жума күндөрү намазга барабыз деп айтып, бирок сейил бакта клей жыттаган учурлар катталган.

Түшүндүрүү иш-чаралары 2019-2020-жаңы окуу жылына карата өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×