Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 10.09.2019 08:03

Жумгалдын Чаек айылындагы көчөлөрдүн 3 чакырым тилкесине асфальт төшөлүүдө

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы Э.Сапарбеков жана Э.Матыев көчөлөрүнүн 3 чакырым тилкесине асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу райондук №24 жол тейлөө мекемесинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1,8 млн сомго Э.Матыев көчөсүнүн 300 метр тилкесинде иштер жүрүп жатат. Учурда жолдун эски асфальттары сыйрылып, четтерине 400 бордюр орнотулууда. Э.Сапарбеков көчөсүнүн 2,7 км тилкесин асфальттоого 16,2 млн сом каралган. Учурда 8 млн сому каржыланып, бир көпүрө бүттү. Дагы 2 көпүрөнү куруу иштери башталды. Бул көчөнүн дагы эски асфальттары алынып жатат.

Жолдор ушул жылдын 25-сентябрына чейин бүтүп, пайдаланууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×