Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 09.09.2019 14:44

Сеулдагы мелдеште 2-орунду ээлеген балбан К.Абдурахимовду жердештери салтанат менен тосуп алышты

Turmush -  30-августтан 6-сентябрга чейин Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн эл аралык мелдеште алыш күрөшү боюнча таймашта 2-орунга ээ болгон лейлектик балбан Камалидин Абдурахимовду жердештери салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалым болгондой, ал Сербия, Украина жана Россиянын спортчусун жеңген. К.Абдурахимов 1987-жылы Тажикстандын Сада айылында туулган. 6-класска чейин Сада айылында окуп, 7-класстан тарта Лейлек районунун Кулунду айылына көчүп келип, Ленин атындагы орто мектепте окуган. Спортко 6 жашынан тарта аралаша баштаган. Буга чейин да Кыргызстанда, чет мамлекеттерде өткөн мелдештерде бир топ ийгиликтерди багынтып келген. Учурда 1 кыз, 2 уулдун атасы.

Сеулдагы таймашка 105 мамлекеттин спортчулары катышып, спорттун 20 түрү боюнча күч сынашты. Кыргызстандын намысын 3 балбан жигит, 3 балбан кыз коргогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×