Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.09.2019 13:36 На русском

Видео — Өзгөндө Комуз күнү салтанаттуу белгиленди

Turmush -  Өзгөн районунда Комуз күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясы билдирди.

Бүгүн, 9-сентябрь күнү президенттин «Комуз күнүн өткөрүү» жөнүндөгү жарлыгынын негизинде Өзгөн райондук маданият үйүндө комузчулардын фестивалы уюштурулду. Фестивалга Өзгөн шаарынын вице-мэри Рахман Атаджанов, мэриянын аппарат жетекчиси Мамыт Тайлаков, айыл өкмөт башчылар, мектеп директорлору катышты.

Иш-чарада комуз күүлөрү жаңырып, кыргыз ырлары аткарылды.

Фестивалдын жүрүшүндө маданият үйүнүн айрым кызматкерлерине мэрия тарабынан диплом жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×