Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 07.09.2019 16:35

«Ат-Башы кызгалдактары» бий тобу Кипрдеги фестивалдан байгелүү кайтышты

Turmush -  Ат-Башы районундагы Жумамүдүн Шералиев атындагы искусство мектебинин «Бүчүр», «Ат-Башы кызгалдактары» бий топтору Кипр мамлекетиндеги «Достук» фестивалына катышып, 15 мамлекеттин ичинен 5-орунду камсыз кылып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бий топтордун жетекчиси Аида Айтмамбетова билдирди.

«Биз Кипр мамлекетинде болдук. 24 жылдан бери фестиваль өткөрүп жүрүшүптүр. Чындыгында кызыктуу болду. Жөн гана фестиваль кылбай сынак түрүндө өткөрүштү. Ал жакта Ат-Башы райондук Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин “Бүчүр” бийчилер тобу эң жаш катышуучу болду. Фестивалга 18 жаштан 50 жашка чейинки катышуучулар катышты. 8 күн болдук, чоң масштабдагы жарышуу болду.

Облустук, райондук деңгээлде каржылоо болгон жок. Биздин окуучулардын ата-энелери чыгымдарды каржылап беришти. Бери дегенде ар бирибизге 45 миң сомдой кетти. "Ат-Башы кызгалдактары" деп чыгып жатабыз. Патриот жигит, айымдар бийчилерди колдоп коюшса жакшы болот эле. Жакында Ош облусунда эл аралык фестиваль болот. Ага да катышабыз деген ниетибиз бар. Даярданып жатабыз», - деди бий мугалими Аида Айтмамбетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×