Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.09.2019 16:16 На русском

Ысык-Көл ОИИБ милиционерлер тарабынан сабалган делген киши тууралуу жооп берди

Turmush -  Укук коргоо органдары Ак-Суу районунда эркек кишинин сабалышы тууралуу маалыматка жооп берди. Буга чейин тургунду милиция кызматкерлери ур-токмокко алган деген сөздөр айтылган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 27-августта Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынан телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Анда оорукананын сыныктар бөлүмүнө Ак-Суу районунун 64 жаштагы тургуну С.А. жаракаттары менен кайрылганы кабарланган. Аталган киши дарыгерлерге милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганын билдирген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, юридикалык баа берүү үчүн чогулган материалдар Ак-Суу районунун прокуратурасына берилген.

Ак-Суу РИИБдин маалыматына караганда, 29-августта жабырлануучу С.А. арыз менен райондук прокуратурага кайрылып, милиция кызматкерлери ур-токмокко албаганын жана эч кимге доосу жок экенин билдирген.

«Аталган факт боюнча объективдүүлүк жана калыстык үчүн Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматтык текшерүү дайындалган. Азыркы тапта кызматтык текшерүү жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×