Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 06.09.2019 12:46

Нарында кызматтан кеткен А.Кайыповго каалоо-тилектер айтылды. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 6-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы жаңы өкүлү Эмилбек Алымкулов жамаатка тааныштырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Алтынай Өмүрбекова мурунку башчы Аманбай Кайыповдун аткарган иштерине токтолуп, ыраазычылыгын билдирди жана Эмилбек Алымкуловго ийгилик каалап өттү. Ошондой эле район жетекчилери, мекеме-ишканалардын башчылары да кызматтан кеткен Кайыповго жана жаңы өкүлгө каалоо-тилек айтышты.

Буга чейин Эмилбек Алымкулов Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×