Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Чүй облусуМосква району 05.09.2019 14:34 На русском

Күбөлөр «кычыраган» унаанын кантип өрттөнүп кеткенин айтып беришти. Видео

Turmush -  Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Мураке айылында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жол жээкте «Лексус 470» үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен жана 20 чарчы метр жердеги куураган чөп күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Видеону окуянын күбөлөрү тартып алышкан. Андан «титандын дөңгөлөктөрү ээрип кетиптир», «унаа кетип баратканда эле түтөп кетти» деген үндөрдү угууга болот.

Кырсык 4-сентябрда болгон.

«Биз жеңил автоунаа менен Муракеге бара жатканбыз. Ак-Торпок айылынан өрт өчүрүүчү унаа айылды көздөй кетип бара жатканын көрдүк. "Кайдан өрт чыкты" деп шашыла жөнөдүк. Бир убакта Мураке айылынын аягынан түтүн чыгып жатканын көрдүк. Жетип бардык. Өрт өчүрүүчүлөр дароо жалындап күйүп жаткан унааны жана анын айланасындагы 2-3 сотыхдай жердеги күйүп жаткан кургак чөптөрдү заматта өчүрүштү. Өрттөнгөн автоунаада 22 жаштагы кыргызстандык айдоочу жана 4 чет элдик туристтер болгон. Алар Суусамырга бара жатышкан экен. Автоунааны арткы жагынан газдан чыккан өрт тутана баштаганда айдоочу дароо токтотуп, жүргүнчүлөр жерге түшүүгө үлгүргөн. Биз карап турдук. Газдан чыккан өрт жалындап, бир убакта автоунаа жарылып кетти. Бул жер кырсыктуу жайга айланды. Өткөн айда да дал ушул жерде 2 автоунаа сүзүшүп кеткен», - деп билдиришти окуянын күбөлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×