Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 05.09.2019 08:17

Нарындык футболчулар Кыргызстандын кубогунда байгелүү орунду ээлешти

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кум үстүндө футбол ойноо боюнча Кыргыз Республикасынын кубогу үчүн турнир болуп өттү. Бул тууралуу Нарын облустук футбол федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, турнирде облустардан келген 8 команда ат салышты. Нарын облусунун намысын коргогон «Нарын—Теңир-Тоо» командасы мыкты оюн көрсөтүп, 3-орунду камсыз кылды. Ал эми оюнчу Тилек Коңурбаев «Мыкты оюнчу» деп табылып, баалуу белек менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×