Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 04.09.2019 11:24

Айыл турмушу: 62 жаштагы Жамал Асаналиева боз үйдүн бардык жабдууларын жасайт

Turmush -  Жамал Асаналиева Жумгал районунун Байзак айылынын жашоочусу. Ал учурда 62 жаш куракка келсе да кол өнөрчүлүктү таштаган эмес. Аймактык кабарчы уз эненин эмгегин көрүп келди.

Жамал Асаналиева бала кезден чий согот.

«Менин апам иштүү болгон. Ал шырдак жасап, чий сокчу. Апам боз үй көтөргөн инсан эле. Ал 10 бала төрөдү. Эң улуусу мен болгондуктан апама жардам берип, кол өнөрчүлүккө эрте аралаштым. Бала кезден жүн сабашчумун. Ал убакта талпактын бетине жүн сабачубуз. Ошентип апамдан боз үйдүн бардык жабдууларын жасоону үйрөндүм. Мен азыр боз үйдүн эшигинин боосун согуп жатам, аны тай туяк деп аташат. Муну илгертеден эле согуп келишкен. Атайын сокмонун жабдыгына ийрилип, боекко боелгон жиптерди байлап алып, адыргы менен эркек, ургаачы кылып согот. Муну такай согуп көнгөн киши билет. Ушул кол өнөрчүлүк менен алектенгениме көп эле жыл болду. Айылда уз эне атка конгом, кол өнөрчүлүк боюнча сынактарга катышып жүрөм. Эки кызым бар, алар да бул өнөр менен алектенишет.

Ал эми бул боз үйгө тага турган чыны кап атайын чий менен согулган. Анын сырты жүн менен чийге чырмалган», - дейт ал.

Жамал апа 5 баланын энеси (2 кыз, 3 эркек), 4 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×