Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
04.09.2019 11:50 На русском

Э.Тыныбеков Талас облусунун өнүктүрүү фондунун координатору болуп дайындалды

Turmush -  Тыныбеков Эмир Токонович Талас облусунун өнүктүрүү фондунун координатору болуп дайындалды. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы тууралуу буйрукка өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев 2-сентябрда кол койду.

Э.Тыныбеков 1978-жылы туулган. 2001-жылы Бишкек шаарындагы Эл аралык башкаруу, укук жана финансы академиясын аяктап, финансы жана кредит боюнча адистикке ээ болгон. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

11

Эмгек жолу:

- Эмгек жолун 1999-2001-жылдары Талас облустук салык полиция бөлүмүнүн оперативдик кызматкери болуп (салык полициясы жоюлганга чейин) иштөөдөн баштаган;

- 2003-2007-жылдары Талас облустук финансы башкармалыгында бюджет бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана кирешелерди пландоо, талдоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу кызматтарын аркалаган;

- 2007-2011-жылдары «Жерүй алтын» ЖАКтын коопсуздук кызматынын өздүк курамы боюнча инспектору;

- 2014-2015-жылдары «Алтын Күмүштак Майнинг» компаниясынын Талас аймагы боюнча өкүлү болуп иштеген;

-2011-2014-жылдары Талас облустук медициналык-маалымат борборунда өз кесиби боюнча эмгектенген;

- 2016-жылдын ноябрь айынан баштап Талас облусунун өнүктүрүү фондунун башкы эсепчиси кызматын аткарып келген. Эмгек жолунда бир нече сыйлыктарга ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×