Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.09.2019 18:01 На русском

Мекендештер: Москвада иштеп, аралаш уруш менен машыккан Арген Кыргызстанга кайтуудан коркууда. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Орто-Азия айылынын 22 жаштагы тургуну Арген Умарбеков учурда Москва шаарындагы ресторандардын биринде эмгектенет. Жумушунан тышкары спорттун 4 түрү менен машыгат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, ал Жалал-Абад шаарындагы эл аралык университетте экономика багытында билим алган.

«Москвага бир иштер менен келип, ошол бойдон калып калгам. Иштеп жатканыма быйыл 3 жыл болот. Биз үчүн чет өлкөдө жүрүү моралдык жактан оорураак. Физикалык жактан чарчабай, жумуштарды жасап жүрө бересиң. Бирок моралдык жагынан карасак, башка өлкө болгондуктан эли менен сөз табышып, алар менен мамиле түзүш керек. Москванын башка шаарлардан айырмасы — кооптуу жана көп улуттуу. Бирок мени шаардын тазалыгы аябай таң калтырды.

Ар бир күнүм кызыктуу жана күлкүлүү окуялар менен өтөт. Кечинде спорт залда машыгам. Кээде орустарга кыргызча сөздөрдү үйрөтүп, кыргызстандык мекендештерден кыргыз тилинде бир нерселерди суратып көрөбүз. Айрым учурларда кыргызча сүйлөсөң, кыргызстандык бир туугандар орус тилинде жооп беришет. Аябай жаман болот экенсиң.

Жумушта башкы ашпозчу корей улутундагы адам, бирок Өзбекстанда чоңойгон. Биздин ресторанда тамактар кеңседе иштеген адамдар үчүн гана даярдалат, башка кардарларга кирүүгө тыюу салынган», - дейт Арген жумушу жөнүндө.

Ал жумушунан тышкары бокс, жиу-житсу, ММА (эрежесиз уруш) жана тай боксу менен машыгып жатканын кошумчалады.

«Жалпылап айтканда аралаш уруш менен машыгам. Мелдештерге катышып, ийгиликке жетишип жатам. Мен орустар менен машыгам, алар мага орусча сүйлөсө, кээде кыргызча жооп берем. Түшүнбөй кайра-кайра сурашат, болбой эле кыргызча сүйлөйм. Спорт залда менден башка кыргыз жок.

Бош убактымда китеп окуп, достор, туугандар менен эс алганды жакшы көрөм. 7 бир туугандын үчүнчүсүмүн. 2 агам жана 4 иним бар. 2 байкем үй-бүлө курушкан. Азырынча бойдокмун, бирок ата-энем үйлөн деп кыйнап жатышат. 3 жылдан бери Москвада жүргөндүктөн Кыргызстанга — үйгө баруудан коркуп жатам. Барсам, үйлөнтүп коюшат (күлүп)», - дейт Арген Умарбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×