Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 04.09.2019 08:13

Ошто окуучуларга Россиядан келген мугалимдер сабак берет

Turmush -  Ош шаарына Россиядан 17 мугалим келди. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Асанов билдирди.

Мугалимдер Ош шаарынын мектептерине тажрыйба алмашуу үчүн келишимдик негизде 1 жылга келишкен.

«Бул долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашып жатат. Мугалимдер орус тилдүү мектептердеги окуучуларга орус тилин жеткиликтүү деңгээлде үйрөтүү жана тажрыйба алмашуу үчүн келишти. Алардын жол киресин жана батир маселесин Жогорку Кеңештин депутаты чечип берди. Эки мугалим үй-бүлөсү менен көчүп келди. Алар орус тилдүү мектептерге жакын жерлерде жайгаштырылды. 17 мугалимдин көбү орус тили жана адабияты сабагынан мугалими, арасында предметтик сабактардын мугалимдери да бар. Айлык акысы биздин мугалимдер алгандай эле төлөнөт, бирок Россиядан да маяна бөлүнөт», - деди Авазбек Асанов.

Аталган долбоорду 2 өлкөнүн өкмөтү талкуулаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×