Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 03.09.2019 14:40

Айыл турмушу: Кол өнөрчү А.Масымканованын көлдөлөңүн кардарлар 18 000 сомго баалашат

Turmush -  Аида Масымканова Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын жашоочусу. Ал апасынын кол өнөрчүлүгүн улап, көлдөлөң жасап келет. Аймактык кабарчы өнөр ээси менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, апасы сепке көлдөлөңдөрүн берип, бул өнөрдү калтырбай элге жайылтууну суранган.

«Өзүмдүн апам аябай иштүү. Мага өнөр апамдан калган. Көлдөлөң жасаганды өзүм да жакшы көрөм. Азыр 42 жаштамын. Негизи көлдөлөң жасоо үчүн жаш козунун териси керектелет. Мал союлган соң терини туз менен аябай туздап алат. Андан кийин айранга ашатабыз, жууйбуз. Жууп бүткөндөн соң ийлейбиз. Жакшы ийлеген тери жумшарып калат. Андан соң жууп, кургатып алып эле көлдөлөң тигип баштайбыз.

Даяр болгон терини ар кандай формага салсак болот. Тандап алган форманы бычып, жөрмөп тигебиз. Көлдөлөңдүн сыртын тигип (төшөк сыяктуу), жүн салып даярдаса болот. Көлдөлөң көпкө чыдайт, аны жакшы колдонсо эле балдарыңдын балдарына жетет.

Менин чоң кайненем да иштүү экен. Батина деген чоң апабыз бар эле, мен келгенде 107 жашка чыгып каза болду. Анын көлдөлөңдөрүн азыркыга чейин сактап жүрөм. Өзүмдүн апам да сепке көлдөлөң берген, аны сактап келем. Азыр буйрутма бергендер бар. Көбү Ош облусунан буйрутма беришет.

Көлдөлөңдүн пайдасы көп экен. Муун ооруларга жакшы дешет. Муну мага буйрутма бергендер көп айтышат. Мага буйрутма бергендер 18 миң сомдон алабыз дешет. Азыр узуну 3 метр болгон 4 даана көлдөлөң жасап жатам», - деди ал.

Орто билимдин ээси Аида айымдын 5 баласы бар.

«Эки кызым турмушка чыккан. Алардан кийин эгиз уулдарым, дагы бир кызым бар. Мен ушу күнгө чейин көлдөлөң сатып көргөн эмесмин. Бирок буйрутма бергендер бар. Жумгалда кийинки жылы өтө турган "Көлдөлөң" фестивалына катышам деп турам», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×