Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 02.09.2019 16:02

Владивостоктогу мекендештер Эгемендүүлүк күндү белгилешти

Turmush -  Россиянын Владивосток шаарындагы мекендештер Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилешти. Бул тууралуу аталган шаардагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Нооман уулу Алишер билдирди.

Анын айтымында, майрамдын урматына футбол уюштурулду. Ага жалпы 9 тайпа катышып, 1-орунду «Энергия» тайпасы, 2-орунду «Алга», 3-орунду «Кыргызстан» тайпалары жеңип алды. 1-орунга 10 000 сом, 2-орунга 7 000 сом, 3-орунга 5 000 сом байге даярдалган. Ошондой эле кубок, медаль берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×