Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 02.09.2019 15:44

Нарын шаарындагы интернатка 200 китеп тапшырылды. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 2-сентябрда Нарын шаарында Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук лицей-интернат жатак мектебине китептер тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган жатак мектептин салтанаттуу иш-чарасына дубан башчысы Аманбай Кайыпов катышып, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан 1-2-класстар үчүн берилген 200 китепти тапшырды. Ошондой эле жалпы окуучуларды жана мугалимдерди Билим күнү менен куттуктап, ийгилик каалап өттү. Андан соң А.Кайыпов мектеп босогосун жаңы аттаган балдарды классына чейин киргизди. Окуучуларды тосуп алган мугалим облус башчынын катышуусунда балдарга өзгөчө дарак менен тааныштыруу сабагын өттү.

«Бүгүн окуучуларды куттуктап, атайын ушул лицей-интернат жатак мектебине келдик. Бул жакта 300 окуучу бар. Алардын 150гө чукулу облустун ар кайсы райондорунан келгендер.

Эл аралык уюмдар, элчилер, фонддор менен бирге Бишкекте форум өткөргөнбүз. Анда элчилер: "Кандай жардамдар керек?" деп сурашкан. Биз билим берүү тармагында китеп жетишсиз деп айтканбыз. 30 миң сомдук сертификатын беришкен. Башталгыч класстар жана орус класстар үчүн 200дөй китеп алып келип, тапшырып бердик. Элчиликтер менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турабыз. Алар мүмкүнчүлүктөр болсо дагы жардам берүүгө даяр. Эгерде биз дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, китептерди алып келип калсак башка мектептерге беребиз», - дейт облус башчысы А.Кайпов.

Аталган жатак мектептин директору Айнура Апсалиеванын айтымында, бул мектепте былтыр орус класс ачылса, быйылкы жылы 480 сааттык даярдоо классы ачылган.

«Былтыр ата-энелердин суранычы менен орус класс ачканбыз. Ал эми быйыл «Наристе» программасы менен мектепке даярдоо классын ачтык. Быйыл 1-класска 60 баланы кабыл алдык. Мектебибиз быйылкы окуу жылына толугу менен даяр. Интернет байланышы менен дагы камсыз болду. Ар бир бөлмө жарыктандырылып, интерактивдүү такталар коюлду. Окуучулар, мугалимдер үчүн жакшы шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз», - дейт Айнура Апсалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×