Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 31.08.2019 10:30

Кызыл-Кыяда Эгемендүүлүк майрамы салтанаттуу түрдө белгиленип жатат

Turmush -  Бүгүн, 31-августта Кызыл-Кыя шаарында Эгемендүүлүк майрамы салтанаттуу түрдө башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, салтанат борбордук стадиондо өтүп жатат. Иш-чара алгач парад менен башталды. Андан соң шаар мэри Эрмекбай Топчубаев Кызыл-Кыя шаарынын тургундарын майрамы менен куттуктап, шаардагы аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Келген конокторго маданият кызматкерлеринин концерттик программасы тартууланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×