Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баракелде, Бишкек 29.08.2019 21:00

Кыргызстандык спортчулар Кореядагы Көчмөндөр оюндарына катышат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кыргызстандын спортчулары Кореяда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат. Бүгүн, 29-августта кыргызстандык спортчулар Корея өлкөсүнө пенчак силат боюнча өтө турчу мелдешке жөнөп кетишти. Бул тууралуу федерациянын президенти Каныбек Бекбоев билдирди.

Аталган мелдешке катыша турган спортчулардын тизмеси:

- 60 кг салмакта Замирбек Кочкоров;

- 65 кг салмакта Тимур Маматисаков;

- 75 кг салмакта Нурбек Асанов;

- 85 кг салмакта Илимбек Токтогулов.

Маалыматка караганда, кыргызстандык спортчулар Тайланд өлкөсүндө өтүүчү пенчак силат боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууну пландап жатышат. Ал 30-сентябрда башталып, 4-октябрга чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×