Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 29.08.2019 09:02

Токмокто мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды

Turmush -  Токмок шаардык маданият үйүндө мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кеңешмеде Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Айткүл Кибираева өткөн окуу жылындагы аткарылган иштерди белгилеп, жаңы окуу жылындагы алдыдагы милдеттер боюнча баяндама жасады. Кеңешмеге калаа башчысы Данияр Амангельдиев жана шаардык кеңештин төрагасы Тилек Солтобаев, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар катышты. Данияр Амангельдиев менен Тилек Солтобаев мугалимдерге каалоо-тилектерин билдирип, айрымдарына сыйлык тапшырышты.

Шаар башчысынын айтымында, жергиликтүү бюджеттин үчтөн бир бөлүгү шаардык билим берүү системасына жумшалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×