Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.08.2019 13:12

Чөп чаап, бир сезондо 100 000 сом тапкан Ш.Аппасияевге талаадан бирөө колун жаңсап...

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын тургуну, көк бөрүчү жана механизатор Шайлообек Аппасияев 4 жылдан бери чөп чаап, бир сезондо 100 миң сомдой таза киреше табат. Механизатордун иши менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыз 4 жылдан бери өзүнүн чөп чабуучу комбайны менен бир сезондо 300 гектардан ашык жердеги тоют өсүмдүгүн чабарын айтты.

«Бир сезондо болжол менен 300 гектардай жерден чөп чабабыз. 1 гектар аянттагы чөптү чаап берүүгө 1 миң сомдон алабыз. Ошондо 300 миң сомдой каражат түшөт. Бирок мунун ичинен чыгымдарга жумшалат. Мисалы, азыркы учурда техникабыздын тетиктери кымбат. Бери дегенде эле жылына 100 миң сомдон ашык каражат жумшалат. Андан сырткары нөөмөтчүбүз бар. Бир адам кечке килейген техниканы айдап жүрө албайт. Чарчайсың. Ошол мезгилде нөөмөтчүбүз айдайт. Нөөмөтчүбүзгө түшкөн каражаттын 15 пайызын төлөп беребиз. Өзүмө 100 миң сомдой таза киреше түшөт. Эгер техникабыз бузулбай жүрүп берсе, 1 күндө 10 гектар аянттагы чөптү чабууга жетише алабыз», - деди Шайлообек мырза.

Чөп чаап иштегенге чейин шаар жергесинде курулушта иштеп келгенин, чөп чабык учурунда кыйынчылыктар көп болорун билдирди.

«Чөп чабык учурунда кыйынчылыктар көп эле болот. Аянттар түз эмес, айрым аянттарда чоң таштар кездешип калат, арыктар бар дегендей. Ошолордун кесепетинен техникабыз бузулат, сынат. Тетиктер кымбат. Карала-торала май болуп оңдойсуң.

Чөп чапкыч комбайнды жаңыдан айдап баштаган кезим. Жалгыз болчумун. Бир жерге барып чөп чаап жүргөм. Эмнегедир техникам жакшы жүрбөйт. Бир убакта бир кичинекей эле арыкка барып тыгылып калдым. Ичимден эмне болуп жатат деп коём. Эптеп ал арыктан чыгып, чөптү чаап бүтүп кетип бара жатсам бирөө эле бир нерсени жаңсап көрсөтүп жатты. Комбайнды токтотуп алып карадым. Көрсө алдыңкы чоң дөңгөлөгүм жарылып калыптыр. Аны деле байкабай айдап жүрө берген экенмин. Ошентип 20 миң сомдук дөңгөлөгүмдү жараксыз кылдым.

Айыл жери болгондуктан көпчүлүгү эле телефон аркылуу байланышып, «менин чөбүмдү кошо чаап койчу» деп кайрылып калышат. Бир жолу дагы бирөө «менин чөбүмдү кошо чаап койчу» деп суранганынан «макул» деп, кайсы жерде экенин анча-мынча тактап алып, болжолдоп чаап салдым. Көрсө ал башканыкы экен. Ызы-чуу болуп эле калдык. Эми ал деле баары бир чаптырмык да. Бирок «сени качан чап дедим эле» деп акчасын бербей кыйнаган. Бир айылдан болгондуктан көбүнчөсү чөбүн карызга чаптырып алышат дагы акчасын 1 жылга чейин бербей сүйрөлүп жүрө беребиз. Кийинки жылдын чөп чабыгы башталганга чейин карыз доолап жүрөбүз. Карызга жалдырап чаптырып алышат, биз кайра жалдырап акчасын доолайбыз (күлүп)», - деди Ш.Аппасияев.

7-8 жылдан бери көк бөрү оюнуна түшүп, райондук деңгээлдеги мелдештерге команда менен катышып келгенин кошумчалап өттү.

«Көк бөрү — бул тээ илгертеден бери келе жаткан улуттук оюн эмеспи. Ушунчалык коркунучтуу, кооптуу, бирок кызыктуу оюн. Мындай адамга адреналин берген оюн жок го. Сыртынан карап турсаң абдан коркосуң. Оюн талаасына кирип, ойноп баштагандан кийин баягы коркунучтун баарын унутасың. Көк бөрү ойногонду тасмага тартылып жатып үйрөнгөм. Бир телеканал келип, көк бөрү боюнча тасма тартып жатышкан экен. Мени ат чаап бара жатып тыйын эңесиң деп коюшту. Ага чейин тыйын эмес, улак эңе алчу эмесмин. Айла жок бир күн кечке тыйын эңдим. Ошентип тасманын арты менен улак эңгенди үйрөндүм. Негизи жакшы эле ойночумун. Былтыр көк бөрү ойноп жатканда аттан жыгылып, бир нече аралыкка чейин ат сүйрөп кеткен. Ошондон бери көп ойнобой калдым», - деди көк бөрүчү мырза.

Аппасияев Шайлообек Жыргалбекович 1984-жылы Кара-Бүргөн айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×