Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.08.2019 11:42 Жаңыланды: 23.08.2019 18:44 На русском

«Биз эми байыйбыз»: Тоодон «... алтынын» таап алган 2 тургундун окуясы

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 2 тургуну тоодон «акылсыздар алтынын» таап алышкандыгын аймактык кабарчыга билдиришти.

36 жаштагы Александрдын айтымында, досу менен дайыма тоого мергенчиликке чыгат.

«XIX-XX кылымдарда биздин тоолордон алтын издеген адамдар алтындуу кум менен таза уюган металлды (алтын) агын сууга чайкашчу экен. Мен муну илгерки адамдардан уккам. Бир жолу агын суулардын биринен алтындуу кумду чайкоочу чөйчөгүн таап алгам. Ошол күндөн тартып алтын аралашмаларын таап алууга каалоом күчөдү. Ушул жылдын жай айында капчыгайлардын бирин карап жүрүп, кварц (чакмак таштын бир түрү) ташын көрүп калдым. Ал жарда жайгашкан экен. Кварцты сындырып, таштагы сары металлды көрдүм. Досум экөөбүз анын бир бөлүгүн сындырып алуу үчүн бир күн убакыт короттук. Ошол учурда жанымдагы досум бирөө-жарымга алтын таап алганыбызды айтып койсочу деген ар кандай ойлор келе баштады. Кийинки күнү баштыгыбызды толтуруп салдык. Араң дегенде көтөрүп, 20 саат дегенде төмөн карай түштүк. Бул аралыкта «биз эми байыйбыз» деген ойлор гана келди», - дейт ал.

Алар лабораторияга барып, таап алган таштарга химиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Лаборатория «Кварцта жайгашкан металл кристалл жөн гана алтынга окшош келет. Бул пирит, минерал, FeS2 дисульфид темири» деп жыйынтык чыгарып берген.

Александр ийгиликке жетишпей калганына карабастан Тянь-Шань тоолорунан алтын табарына ишенет.

Пирит (грекче pyrites lithos – чакканда, ургулаганда от чыгарган таш) – күкүрт колчеданы, темир колчеданы сульфиддер классындагы кеңири таралган минерал, FeS2. Кошундулары алтын, жез, темир, никель, кобальт жана башка. Куб системасында кристаллданат. Өңү ачык сары, киргилт сары, металл сымал жалтырайт.

Өнөр жайлык маанидеги кени гидротерм жана метасоматоз жолу менен пайда болот. Күкүрт кислотасы алынуучу сырьё: алтын, жез, кобальттын кен таштары.

Пирит ташын «акылсыздар алтыны» деп атап жүрүшөт. Анын аталышын адистер билимсиз шахтерлор менен байланыштырышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×