Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 22.08.2019 12:37 На русском

Беш адам бара жаткан унаа үйдүн короосун сүзүп кирип, үчөө мерт кетти. Сүрөт

Turmush -  Жумгал районунда жол кырсыктан 3 адам каза болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жол кырсык 22-августта саат 05:40 чамасында Кызыл-Жылдыз айылында болгон. Аталган райондун Көк-Ой айылынын 1996-жылы туулган тургуну М.Р. батыштан чыгышты карай башкарып бара жаткан «Фольксваген-Венто» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен. Унаа И.Модубаев атындагы көчөдө жайгашкан №58 үйдүн короосунун дубалын тешип, ичине кирип токтогон.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу М.Р., жана жүргүнчү болуп бара жаткан Көк-Ой айылынын тургундары — 1978-жылы туулган Ж.Т., 1984-жылы туулган Э.К. окуя болгон жерде көз жумган. Жаракат алган 1982-жылы туулган К.М., 1984-жылы туулган А.К. райондук аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Окуя болгон жерге келген Жумгал РИИБдин ыкчам тобу кароо жүргүзүп, унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилди. Ал эми маркумдардын денеси райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Бул кырсык боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×