Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусуМосква району 21.08.2019 15:33

Москва районундагы мектеп-лицейде электрондук китепкана иштеп жатат

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы окуу-тарбия мекемелеринин арасында Беловодск мектеп-лицейи электрондук китепкана менен жабдылган. Ал өткөн 2018-2019-окуу жылында жүзөгө ашырылган. Анда райондогу бардык билим берүү кызматкерлери семинар-тренинг өткөрүшүп, окутуунун жаңы технологиялары жөнүндө түшүнүк алышат. Жаңы окуу жылында да иш-чараларды өткөрүүнүн активдүү түрлөрү иш мерчемдерде белгиленип, массалуулукту камсыз кылуу багыттары каралган. Бул тууралуу мектеп-лицейдин директору Жайыл Иманалиев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Беловодск мектеп-лицейи электрондук китепкана боюнча райондогу окуу-тарбиялоо мекемелеринин таяныч борборуна айланган.

«Өткөн 2018-2019-окуу жылында мектеп жетекчилеринин катышуусунда 2 жолу семинар өткөрдүк. Үстүбүздөгү окуу жылында да мындай иш-чаралар уланат. Бул Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында мугалимдердин негизги ишмердүүлүгүнө айлануусу зарыл. Мындан сырткары 500дөн ашык окуучулар ысык тамак менен камсыздалган. Ал эми 24 класс учур талабына төп келген шартта оңдолуп, жаңы окуу жылында окуучуларын күтүүдө», - деди директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×