Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 19.08.2019 16:38 На русском

Жумгалда мурда соттолгон адамды түн ичинде өлтүрүп кетишти

Turmush -  Жумгал районунда азиат түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денеси табылды.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2019-жылдын 17-август күнү саат 08:15 чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Байзак айылынын 1970-жылы туулган С.М. аттуу тургуну телефон аркылуу Байзактагы мектептин жанында белгисиз кишинин жансыз денеси жатканын билдирген. Аталган билдирүү Жумгал РИИБдин журналына катталып, окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу Жанчаров көчөсүнүн түштүк-батыш тарабынан жашы 40-45 чамасындагы эркек кишинин күч колдонулуп өлтүрүлгөн жансыз денесин табышкан.

Кароо жүргүзгөн учурда башынын кара куш тарабы катуу буюм менен чабылгандыктан баш сөөктөрү сынып кеткени аныкталган. Ошондой эле окуя болгон жерден ак түстөгү баш кийим жана канга окшош суюк заттын изи табылган. Жансыз дененин өздүгү такталып, ал Байзак айылынын тургуну, 4 кыздын атасы, мурда сот жообуна тартылган Р.Т. болуп чыкты. 1975-жылы туулган маркумдун сөөгү Жумгал райондук аймактык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилип, Кочкор-Жумгал райондорунун эксперттери текшерүү жүргүзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө Байзак айылынын 1988-жылы туулган тургуну Ж.Д. кылмышты мойнуна алган. Ал шектүү катары жактоочунун катышуусунда суракка алынып, Жумгал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө, тактоо иштери жүрүп жатат.

Шектүү

WhatsApp Image 2019-08-19 at 16.15.26

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×