Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 18.08.2019 12:03

Кыргыз премьер-лигасы: «Алай» футбол клубу өз талаасында «Алгадан» жеңилди

Turmush -  Кыргыз премьер-лигасынын алкагында «Алай» футбол клубу өз талаасында Бишкек шаарынын «Алга» клубун кабыл алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Оюндун 1-мүнөтүндө эле «Алга» клубу чабуул жасап, Рахмет Шерметов эсепти ачты. Андан кийин беттештин 1-бөлүгүнүн соңуна чейин эки клуб тең гол киргизген жок. Оюндун 2-бөлүгүндө да 2 команда бир нече чабуул уюштурушту. Бирок беттештин соңуна чейин 1:0 эсеби сакталды.

Оюндун жыйынтыгында «Алга» клубу 3 упайга ээ болду. Ал эми «Алай» бул оюнда жеңилсе да Кыргыз премьер-лигасынын турнирдик жадыбалында 1-орунда келе жатат. 2-орунда Бишкек шаарынын «Дордой» клубу турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×