Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 17.08.2019 14:16 На русском

Тажикстандагы мургабдык кыргыздар көчмөндөр фестивалын өткөрүштү. Сүрөт

Turmush -  Тажикстандын Мургаб районунда этникалык кыргыздар көчмөндөр фетивалын өткөрүштү. Бул тууралуу мургабдык кыргыз Акжол Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, фестивалда улуттук оюндар ойнолуп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөлөрү уюштурулду. Фестиваль 13-14-август күндөрү өтүп, анын алкагында ат оюндары, кыз куумай, көк бөрү, тыйын эңмей, аркан тартыш, эр эңиш сыяктуу мелдештер да өткөн.

Мургаб районунда 11 миң 400 этникалык кыргыз жашайт.

Сүрөттөр Гожомберди Ниязбековго таандык

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×