Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 15.08.2019 11:00 На русском

Баткен облустук сотунун төрайымы болуп Г.Кожобекова шайланды

Turmush -  2-августта Баткен облустук сотунун төрайымы болуп Кожобекова Гүлмира Турдумаматова шайланды. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, облустук сотту буга чейин Мусаев Сайдибаказ Темирович жетектеп келген. Анын 3 жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жаңы төрайым шайланды. Г.Кожобекованын талапкерлигин облустук соттун судьялары бир добуштан колдошту. Төрайымдын жарандык иштер боюнча орун басары болуп Абдураимов Арзыбай Базарбаевич шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×