Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 15.08.2019 09:27

Ысык-Атада таштанды жайдагы кара түтүн тарай элек. Тургундардын нааразычылыгы

Turmush -  Ысык-Ата районунун тургундары Жээк айыл өкмөтүнүн Гагарин айылындагы акыр-чикир таштоочу жайдын ордуна башка таштанды жай куруу керектигин билдиришти.

Догдурбек Курманалиев айылынын тургуну Билал эгер талаптары аткарылбаса айыл тургундары нааразычылык акциясына чыгарын айтат.

«Азыркыга чейин түтүн каптап жатат. Буга чейин эле таштанды жайда өрт болчу. Азыр аша чаап баратат. Акыр-чикир терип оокат кылгандар өрттөп жатат деп шылтоо кылып келишкен. Кимиси өрттөсө да талапка жооп бергидей иштетишсе жакшы болмок. Бул жер өрттөнгөндө жайдын күнү дем жетпей калат. Мен Догдурбек Курманалиев айылында жашайм. Таштандыга жакын жайгашкан Рассвет айылынын тургундары кантип жашап жатышат билбейм. Шамал чыгыштан болгондо акыр-чикирдеги желим буюмдар учуп келип бакка илинет, илинбегени талаага жайылат. Азыр айыл тургундары чогулуп, бардык шарты бар таштанды жай кургула же болбосо таптакыр иштетпегиле деген талапты койгону жатабыз. Мунун айынан баш оорулар көбөйдү деп айтып жатышат. Таштанды терип оокат кылгандар ууланып ооруган фактыларды угуп жүрөбүз», - деди ал.

Ысык-Ата районунун акиминин биринчи орун басары Максат Турумбеков төмөнкүлөрдү билдирди.

«Биз ошол таштанды жайга барып келдик. Ал жер күйүп бүтүп, бирок түтөп жатыптыр. Ал таштанды жай бирөөнүн менчиги. Кожоюну менен сүйлөштүк. Ал күйүп, түтөп жаткан аймакты трактор менен сүрдүрүп, үстүн көмдүртүп жатыптыр. Толугу менен өчүрөм деп айтты.

Жеке менчик болгондуктан күндүз кароолчулар кайтарат. Кечинде желим бөтөлкө тергендер келип, таштанды жайды аралап кетишет экен. Таштанды таштоочу жайдын аянты 11 гектар. Өткөндө да өрттөп жиберишип, өрт өчүрүүчүлөр барып өчүрүшкөн. Бул жолкусунда катуу өрттөп жиберишиптир. Өрт өчүрүүчү унаа таштандынын баарын аралап барганга мүмкүнчүлүгү жок экен. Көпкө түтөп жатканынын себеби, таштанды кабат-кабат болуп жатат. Үстү күйгөндө асты дагы түтөп баштайт», - деди ал.

11-август түнү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Жээк айыл өкмөтүнүн Гагарин айылындагы акыр-чикир таштоочу жайдан өрт чыгып, анын кесепетинен айылдарды кара түтүн каптап жатканын аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×