Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуБакай-Ата району 15.08.2019 09:50 На русском

Эл ичи — өнөр кенчи: Бакай-аталык Б.Конгайтиев зымдан гүлдөрдү токуп сатып ишкерлик кылып жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 20 жаштагы тургуну Бектурган Конгайтиев 2 жылдан бери зымдан гүл жасап сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, келечекте тигүү ишканасын иштеткен жеке ишкер болууну кыялданат. Учурда апасынын чакан тигүү ишканасына жардам берип жүрөт.

«Үйдөн апамдын иштүү. Кийим тиккен чакан ишкананы иштетебиз. Мен бош учурларда кийим тигип апама жардам берем. Келечекте чакан ишкананы кеңейтип, жеке ишкер болсом деп кыялданам. Жок нерседен барды чыгарганды жактырам. Өзүбүздүн айылыбызда акелерибиз атайын зымдан гүл жасап жатыптыр дегенди угуп калдым. Барып, жасаган гүлдөрүн көрүп келдим. Ошондо мага эмне үчүн мен мындай нерсени жасай албайм, жасасам колумдан келет деп аракет кыла баштадым. Колум көп нерсеге жөндөмдүү болгондуктан бат эле үйрөнүп кеттим. Айылдаш акелерим 1-2 жолу жол-жоболорун үйрөтүп коюшту. Калганын өзүмдүн аракетим менен өздөштүрүп кеттим десем болот.

1 даана гүлдү 3 сааттын ичинде жасап бүтөм. Бир гүл 300 сомдон сатылат. Керектүү материалдарды 60 сомдон 300 сомго чейин сатып алам. Эч кандай деле кыйынчылык жаратпайт. Колуң көнүп калса бат эле токуп бүтөсүң. Мага көбүнчө айылдаш акелер, достор, инилер кайрылып турушат. Майрам учурларда көп буйрутма түшөт. 1 күндө 3 гүлдү токуп коём. Жумушу майда, ар бир жибин кылдаттык менен токуйм. Ар ким жактырган гүлдөрүн жасап берүүнү суранышат. Башка гүлдөргө караганда роза гүлүн токуу көп убакытты талап кылат. Анткени анын майда жумушу көп болот.

Гүл жасап жатканда көңүлүмдүн баарын жумушка коём. Ар бир кардар оюндагыдай жасалышын каалайт да. Колумдан келишинче жакшы жасап бергенге аракет кылам. Ар бир ишти берилүү менен жасасаң, майын чыгарып жасайсың. Болгону көңүл коюп, эч нерсеге алаксыбай жасоо керек. Атайын базарларга да алып чыгып сатып келем. Башында алып чыгып саткандан бир аз тартынчумун. Бара-бара көнүп калдым. Көрсө ар бир иштин көзүн таба билиш керек экен. Буйруса мындан да чоң, кооз, акчасы да чөнтөккө туура келген гүлдөрдү жасап чыгам», - деди ал.

Бектурган үй-бүлөдө 2 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×