Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуАт-Башы району 14.08.2019 16:48 На русском

Ургаачы менен эркек сары май кантип пайда болот? Б.Табылдиеванын жообу

Сары май
Сары май

Turmush -  Сары май да ургаачы жана эркек болуп экиге бөлүнөт. Алардын жасалышын Ат-Башы районунун Бирлик айылынын тургуну Бермет Табылдиева айтып берди.

Табылдиева көп жылдан бери жай мезгилинде үй-бүлөсү менен жайлоого чыгып, кышкыга айрым азыктарын камдап алат. Ал даярдаган азыктардын бири сары май. Анын айтымында, мындай азыкты жасоо бир топ эмгекти талап кылат.

«Сүттү жылытып алып сүт тарткан машинага тартабыз. Каймакты чогултуп, 5 күн идишке сактайбыз. Бул аралыкта ал катып калат. Андан көп күн болуп кетсе каймак ачып кетет. Бир аз катып калган каймакты жууруйбуз. Андан соң казанга салып кайнатабыз. Бир саат кайнаткандан кийин ага ун салып же айран куябыз. Ошондо анын чөбөгөсү бөлүнөт. Андан кийин 15 мүнөттөй кайнатып, даяр болгон сары майды карынга куюп алабыз. Кээ бирлер желим же башка идиштерге куят. Бирок даамы жакшы болбой калат.

Кээ бири катып калган каймакты дароо казанга салып сызгырып жиберишет. Ошондо ургаачы сары май пайда болот. Ал жылмакай жана суюк болот. Катып калган каймакты жууруганда суусу чыгат. Суусун бөлүп сызгырсаң андан эркек сары май пайда болот. Айрымдар «чөбөгөсүн кызыл кылып, көбүрөөк кайнатканда эркек сары май пайда болот. Чала бышырса ургаачы май болуп калат» дешет.

Жаңы төрөлгөн балдардын оозуна сары май салышат. Ошондой эле жаңы туулган кулунга беришет. Азыр жаңы туулган козулардын оозуна бирден кашык сары май салабыз. Эмне себептен экенин билбейм, ушундай жөрөлгө аталарыбыздан калса керек. Жаңы келген келиндин чачын сары май менен өрүп жүрүшөт. Кыргыздардын баары эле той-топурларда сары май бузушат», - деди Б.Табылдиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×