Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуСокулук району 14.08.2019 15:28 На русском

Сокулуктагы мектепте сакталган эң алгачкы компьютерлер

Turmush -  Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Саадаш Абдылдаева орто мектебинде 1970-жылдын аягында чыгарылган «Корвет» үлгүсүндөгү компьютер жана башка окуу куралдарына керектүү антиквариат буюмдар сакталуу. Бул буюмдар жана компьютер ошол убактагы мугалимдерге чоң жардамчы болуп, окуучуларга татыктуу билим берүүгө өбөлгө болгон.

Аталган мектептин директору Ирина Темирбекова музей ачууну көздөп, бул эски буюмдарды сактап жүрөт.

«Мен бул мектепке 2008-жылы директор болуп келгем. Ошондо бир бөлмөдө ушул буюмдар бар экен. Аларды эсептен чыгарып, утилизация кылгыла деген. Бирок мен аларды эсептен чыгарып, жер төлөгө сактап койгом. Ошондо 12 даана «Корвет» компьютери, 2 даана тамга терген машинка, кум саат, химиялык реактивдер, физика, химия сабагына керектүү приборлор бар экен.

Бул мектепте союз мезгилинен бери эмгектенип келе жаткан мугалимдердин айтымында, окуу куралдарын, буюмдарды алуу үчүн дүкөндөргө барып арыз таштап коюшчу. Андан соң райондук билим берүү бөлүмүнөн акча бөлүнүп, дүкөндөн алып келишчү экен. Бул окуу куралдары менен мындан 50 жыл мурунку окуучулар билим алган. Кудай буюрса буларды жоготпой сактап, атайын музей ачсакпы деп ойлоп жүрөбүз. Ага атайын долбоорлор бар», - деди ал.

Директор мектептеги быйылкы жетишкендиктерди да айтып өттү.

«Быйылкы жылдын 14-февралында Каржы министрлиги тарабынан жарым миллион сомго мектептин чатырын жаап бүттүк. Учурда 3 млн сомго терезелерибизди жаңыртып жатабыз. Быйылкы бүтүрүүчү окуучуларым жакшы окуу жайларга кабыл алынып, алды Россияга чейин кеткендер бар», - деди ал.

Аталган мектепте 966 окуучу билим алып, 50 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×