Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусуКадамжай району 14.08.2019 14:51 На русском

3000 жылдан бери өсүп турат: Кадамжайдагы арчанын жоондугу 8 метрден ашты. Сүрөт

Turmush -  Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Кожо-Корум жайлоосунда 3 миң жылдык тарыхы бар арчанын жоондугу 8,5 метрге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, аталган арча жайлоодо мазар катары эсептелген жерде өсөт. Анда илгертеден калган таштар бар. Жергиликтүүлөр атайын мазарга барып, куран окуп турушат. Жакшы ниет кылса болот деп ишенишет. Арчанын жоондугуна 6 адамдын кулачы жетет.

Учурда Кожо-Корум жайлоосуна чыккандар көп. 20га жакын үй-бүлө ал жерде жайы-кышы жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×