Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.08.2019 14:06

Караколдук окуучулар аскерлердин жашоосу менен таанышты. Сүрөт

Turmush -  Каракол шаарынын «Каскад-Гвардия» аскердик клубунун тарбиялануучулары 10-13-август күндөрү Баткен окуясынын ардагерлери менен бирге Бишкек, Токмок, Балыкчы шаарларындагы аскердик окуу жайлар, аскердик бөлүктөр менен жеринде таанышты, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анда окуучулар «Скорпион» атайын багыттагы аскер бөлүмү жана генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы аскердик окуу жайы, Д.Асанов атындагы аскердик лицейдин тарбиялануучулары менен жолукту.

Ошондой эле «Датник», «Альтаир», «Эдельвейс», «Звездочка» аскердик клубдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

«Аны менен бирге балдар Баткен окуясында курман болгон жоокерлерге арналган иш-чарага катышты. Максатыбыз — жаштарды аскер кызматкери болууга чакыруу, аскерлердин жашоосу тууралуу кенен маалымат берүү жана патриоттуулукка үндөө», - дейт Баткен окуясынын Каракол шаары боюнча төрагасы Таалай Малаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×