Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.08.2019 13:05

Жети-Өгүздө эмгек сиңирген машыктыруучу А.Керимкулов эскерилди (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда эмгек сиңирген машыктыруучу Абдыбек Керимкуловдун элесине арналып, кол күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Машыктыруучу Рустам Абдыбек уулу билдиргендей, мелдешке өлкө аймагынан 100гө жакын спортчулар катышты.

Өз өмүрүн спортко арнаган Абдыбек Керимкулов Кызыл-Суу айылында спорт ордосун курдурган. Ал 2001-жылы мелдештен кайтып келе жатканда жол кырсыкка кабылып, каза болгон.

Ата жолун жолдоп келген уулу дагы спорт жаатында ийгиликтерге жетишип, келечек муунду сергек жашоого үндөп келет. Кезинде А.Керимкуловдун жасаган эмгеги бааланып, «Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу» наамына ээ болуп, улуттук спорт оюндары боюнча жогорку баскычтагы калыс катары бир катар мелдештерди өткөргөн. Учурда анын ишин уул-кыздары улантып, машыктыруучу болуп эмгектенип келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×