Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуАк-Талаа району 14.08.2019 12:34

Ак-Талаанын Тоголок Молдо айылында таза суу көйгөйү элди түйшүккө салууда. Видео

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылынын жашоочулары таза суунун жоктугунан кир суу ичип жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүүлөр билдиришти.

Алардын айтымында, жергиликтүү тургундар 2-3 чакырым алыстагы агын суулардан суу ташып келишет. Айылга таза суу системасы 1970-жылы курулуп, 2005-жылы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Жалпы 44 суу чоргосу курулганы менен бүгүнкү күндө анын 20га чукулу гана жарамдуу. Калганы жарактан чыккан. Ал эми эски суу түтүктөрү улам жарылып оңдолуп турат. Оңдоо иштери 10-15 күнгө созулат. Ошол маалда айылдыктар суунун азабын тартышат.

«Азыркы тапта айылыбызда таза суу чыкпайт. Абал кыйын. Айылдан 3-4 чакырым алыстан суу ташып ичип жатабыз. Жөө ташыганы бар, ат, эшек, велосипед жана унаалар менен ташып жатабыз. Жер алдындагы суу түтүктөр көп жарылат. Жарылган жерлерин казып, суу чыккан жерлерин жамап ишке бергиче 10-15 күн убакыт өтүп кетет. 5 күн суу чыкса, 15 күн суусуз калабыз. Бул көйгөйдүн жаралганына 1 жыл болуп калды. Биздин таза суу көйгөйүбүздү ким чечип берет? Бизди ойлогон деле жан жок», - дейт жергиликтүү тургундар.

Айылдагы таза суу көйгөйү туурасында айыл өкмөт башчысы Алмаз Кулов буларга токтолду.

«Учурда абал абдан оор болуп жатат. 2005-жылдары таза суу системасы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн экен. Бирок мурунку темир түтүктөрдүн ичине эле желим суу түтүктөрүн сойлотуп жасап салышкан. Суу түтүктөрү жарылганда жамоого бир топ убакыт кетип жатат. Анын үстүнө капиталдык оңдоодон өткөрүп жатышканда долбоор боюнча Боор-Албас деген айылдан 10 чакырым алыстагы жердеги булактардан таза суу тартылып келмек экен. Бирок айылдан 4 чакырым алыстагы Ботогар деген булактан тартып келип коюшкан. Кыскасы, капиталдык оңдоо иштери сапатсыз бүткөрүлгөн. 2023-жылга чейин айылдарды таза суу менен камсыздоо боюнча программага сунуштап жатабыз. Ага чейин айыл эли 4-5 миң сомдон каражат чогултуп берсе, убактылуу оңдоп алалы деп жатабыз. Башка айла жок болууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×