Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Чүй облусуСокулук району 14.08.2019 12:13

Сокулукта аттракциондук оюндар уюштурулуп жатат

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы «Жеңиш» паркында жаш жеткинчектер үчүн аттракциондук оюндар уюштурулуп жатат. Райондук мамлекеттик администрациянын жетекчисинин орун басары Токтобүбү Ракинбаеванын айтымында, мурунку аттракциондор союз тараганда талкаланган.

«Союз мезгилинде маданият үйүнүн артындагы паркта балдар үчүн аттракциондор бар болчу. Союз тараган жылдары анын баары талкаланап, уурдалып кеткен. Анда бардык шарттар түзүлгөн эле. Ал тургай чоң карусель дагы бар болчу. Быйыл жеке инвесторлор менен иштешип, «Жеңиш» паркына оюн-зоок уюштурууга шарт түздүк. Ошол эле маданият үйүнүн жанындагы паркка дагы уюштурууну көздөп турабыз.

Эс алуу күндөрү район тургундары жана алардын балдары үчүн мындай жакшы шарттарды түзүү зарыл деп эсептейбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×