Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 14.08.2019 11:24

Жалал-Абадда 1,3 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда «Паутина» операциясынын жүрүшүндө кара куурай жок кылынууда.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул иш-чаранын алкагында Таш-Көмүр ШИИБ тарабынан шаар аймагындагы Теңдик айылынын жол жээктеринде өскөн 1,3 тоннадан ашуун кара куурай орулуп, өрттөлдү. Милицияга Теңдик, Кызыл-Алма айылынын башчылары жана айыл тургундары көмөктөштү.

Буга чейин Тогуз-Торо, Токтогул, Ала-Бука жана Аксы РИИБдин кызматкерлери тарабынан 32 гектарга жакын аянттагы 17 тонна жапайы кара куурайлар жок кылынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×