Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуБакай-Ата району 14.08.2019 20:20

Айыл турмушу: Бакай-аталык уста Ж.Жоробеков айылдагы үйлөрдү заманбап кылып жасалгалайт (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Маданият айылынын 50 жаштагы тургуну Жеңишбек Жоробеков 5 жылдан бери устачылык менен алектенүүдө. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Анын айтымында, кесиби боюнча айдоочу.

«Аскердик милдетимди Россиянын Свердлов шаарында өтөп келдим. Ал жактан айдоочулук күбөлүгүмдүн пайдасы тийип, 2 жыл полковниктин «УАЗ» унаасын айдадым.

12 бир тууганбыз, ата-энебиз баарыбызды окутту. Мен аскерден келгенде Политехникалык технукумдун мелиорация жагын бүтүп, айылда суу чарбасында 30 жыл иштедим. Андан кийин устачылыкка өттүм. Бир туугандарымдын баары 4-5 жөндөмгө ээ адамдар. Акем тиш доктур болсо дагы устачылыктын бардык түрүн мыкты билет. Мен андан эмнем кем деп жашымда аңдып отуруп үйрөнүп алгам. Устачылыгымдын алгачкы жылдарында дубал уруп баштап, азыр заманбап евростилдеги кооздоо иштерин жасап, тамдын чатырларын жабам. Өзүбүздүн жана коңшу айылдардан буйрутмалар көп келет. Борбордо дагы иштедим. Жылына 100 миң сомго чейин киреше болот. Балдарым дагы уста.

Ар бир жумуштун оордугу бар, ошого чыдап иштеп, киреше табабыз. Кудайга шүгүр, элдин жакшы алкыш сөздөрүн гана угуп келем. Үйлөрүн оңдотконго көптөр кызыгышат, бирок айланып келип каражатка такалат экен. Бир бөлмөдөн жасаткандар бар. Кээ бирөөлөр дубалын сырдамай кылып жасатышса, кээ бирөөлөр дубал кагаз жармаштырат. Үйүмө издеп келген адамдар көп. Алыкул акындын:
«Маляр келди бир чоң үйдү майлады,
Кабак түйгөн капалыкты айдады», деген ыры туура жазылыптыр. Бул жумуш менин эрмегим, киреше табуунун жолу. Ишти аткарууда мээм сергийт (күлүп)», - деди ал.

Уста 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×