Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуТалас району 13.08.2019 17:03 На русском

Айыл турмушу: Таластык Б.Дөөлөталиев мал чарбасын бир нукка салып, азыр куткаруучу болуп иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Орто-Арык айылынын 30 жаштагы тургуну Бексултан Дөөлөталиев куткаруучу болуп эмгектенип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«2007-жылы мектепти аяктаган соң Талас мамлекеттик университетинин жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө билим алгам. Бирок бир топ жыл үйдө мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектендим. Өзүмдүн акелерим айылда өрт өчүргүч болуп иштешет. Алардын ишине кызыгуум артып, мени ошол жакка тартып туруп алды. Мал чарбаны түптөп, баары өз нугунда кеткен соң куткаруучу болуп иштөөнү чечтим. 2016-жылдан бери Талас шаарындагы №17 өрткө каршы куткаруу бөлүмүндө куткаруучу болуп иштеп келе жатам. Жумушум өзүмө жагат. Мен бул жумушум менен көп адамдарга пайда алып келип жатам деп эсептейм.

Жумушта коркунуч жараткан жагдайлар көп болот. Өрт учурунда ар кандай окуялар болуп кетет. Азыр үй курууда колдонулган материалдардын көбү бат күйүүчү болуп эсептелет. Бир аз убакыт ичинде эле өрт күчөп кетет. Үстүнө дубал кулашы мүмкүн, чатырлар ээриген учур болот. Кээде өрт чыккан жерде уурдалган ток болуп, ал коркунуч жаратат. Жумушта жоголгон адамдарды издөөгө дагы көп чыгабыз. Жакында эле сууга агып кеткен 90 жаштагы аксакалдын сөөгүн таптык. Шыралжын кенинде иштеп жоголуп кетти делген адамдын сөөгүн таап, алып келдик. Мындай окуяларга күбө болгондо шүгүр кылып, тез унутуп койгонго аракет кыласың», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле эгиздин түгөйү экендигин билдирди.

«Үй-бүлөдө эгиздин түгөйүмүн. Эгизим Бермет менден 5 мүнөткө улуу. Келинчегим аны сыйлап, эже деп кайрылат. Улуу агабыздын көзү өтүп кеткен. Андан кийин биз эгиздер үйдүн улуусубуз. Бизден кийин инибиз жана карындашым бар.

Түгөйүм экөөбүз бир класста окуп, бир жүрүп чоңойдук. Мен мектепте өтө бейбаш болгондуктан менин айымдан Бермет көп тил укту. Аны агасындай катуу караптырмын. Эч жакка чыкчу эмес. Отуруштарга өзүм эле барып, аны такыр жөнөтпөй койчумун. Азыр эстеп алып күлүп калат. Бермет кошуна Ак-Жар айылына келин болгон. Учурда жолдошу экөө 2 уул, 1 кыздын ата-энеси», - деди ал.

Куткаруучу мырза жубайы экөө 1 уул, 2 кызды өстүрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×