Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуТүп району 13.08.2019 14:37

Сүрөт — Казак-кыргыз чек арасына жакын Каркыра жайлоосундагы элдин жашоосу

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун борборунан 70 чакырым алыста жайгашкан Каркыра өрөөнүндөгү 30 түтүндө 180 адам жашайт. Кышы катаал келип, жайкысын салкын болуп турат. Жергиликтүү тургундар негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет.

Маалым болгондой, айылда союз маалынан бери бир дагы социалдык объект курулган эмес. Азыр айылда мончодо жайгашкан ФАП жана мектеп гана бар.

Айыл аймактын башчысы Кубанычбек Түлөбердиевдин айтымында, казак-кыргыз чек арасына жакын жайгашкан Каркыра өрөөнүндө жайкысын жашагандар бээ саап, конок тосуу менен алектенишет.

«Тургундардын көбү мал асырап, сүт өткөрүү менен алек. Айрымдары конок үйлөрүн куруп, туристтерди тосууга өтүштү. Жайкы эс алуу мезгили кыска болгонуна карабастан элеттин тургундары конок күтүп, киреше табуунун аракетин көрүшөт. Көбү Түп жана Ак-Суу райондорунан келишкен. Алардын айрымдары бул жакта жашаса, кээ бири жайкысын гана туристтерге кызмат көрсөтөт. Сан-Таш, Чар-Кудук айылдарында боз үйлөр, конок үйлөр жыл сайын арбып бара жатат», - дейт Кубанычбек Түлөбердиев.

Анын айтымында, Каркырага алгач бара жатканда Сан-Таш айылында үйүлгөн таштарды көрүүгө болот.

Жергиликтүү аксакалдардын айтымында, илгери жоокерлер чабуулга аттанганда ар бири бирден таш алып, бир жерге ыргытышчу. Кайра кайтып келе жатканда дагы ошондой кылышчу. Ошол таштар аркылуу чабуулга кеткен жана кайтып келген жоокерлердин санын билүшчү. Мындан улам аймакта үйүлгөн таштар пайда болгон.

Сан-Таш айылынын тургундары билдиргендей, өткөн жылы жергиликтүү тургундардын бири үй курууга деп ушул үйүлгөн таштан алып бара жаткан. Бирок ал үйүнө жетпей, жол кырсыктан каза болду. Айыл эли мындан улам бул жайды ыйык жер катары баалап келишет.

Каркыра өрөөнүндө кооз жерлер абдан көп. Жайлоо тегиз, түз жерде жайгашкан. Атайын чек ара тозотунан өткөндө конок үйлөр, альпинисттер лагери жайгашкан. Аймакта таза суу, мектеп, жол маселеси жана кыргыз телеканалдарынын көрсөтпөгөнү жергиликтүүлөргө түйшүк жаратып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×