Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.08.2019 17:55 На русском

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Назираны жолдошу үйлөнөр алдында шок кылган

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылынын 40 жаштагы тургуну Назира Орозалиева. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинде билим алган. Акыркы 10 жылдан бери бала бакчада тарбиячы болуп иштейт.

«Жолдошум Алмаз Иманалиев менен студент кезимде тааныштым. Батирде жашаган курбум экөөбүз жаңы жыл тосууга даярданып жатканбыз. Бир маалда үстүнкү кабаттан студент кошунабыз келип, «плов басып бергилечи, кечинде досторум келмек» дегенинен курбум экөөбүз барып, тамагын бышырып бердик. Аңгыча достору келип калды. Биз дагы алар менен бирге жаңы жыл тосмой болдук. Ошондо Алмаз менен таанышып, жакшы сүйлөшүп кеттик. Мамилебиз жакшы болуп, 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөндөн кийин баш коштук», - дейт ал.

Назира Орозалиева жолдошу күтүүсүз жерден колун сурап, аны шок кылганын айтат.

«Алмаз адаттагыдай эле жолугушууга чакырды. Барсам күтүүсүз жерден колумду сурап, «бүгүн үйлөнөбүз» деди. Мен шок болуп калдым. Кечинде жолдошум үйүнө алып барды. Эшикти кайын атам ачты, аларга дагы күтүүсүз болгондой сезилди. Андан кийин үйдөн апалар чыгып, мага ак жоолук салышты. Алар менен учурашкандан кийин «кайсы үйгө кирейин?» деп сурасам, баары таң калып карап калышты. Ошентип өзүм барып отургам», - дейт ал.

Назира Орозалиева турмушка чыккандан кийин гана жолдошу өзүнөн кичүү экенин билгенин айтат.

«Алмаз менден эки жашка кичүү экенин үйлөнгөндөн кийин гана билдим. Ага чейин мага айткан эмес. Ошентип дагы бир жолу шок болгом.

Ал түшүнүктүү, маданияттуу, үй-бүлөсүнө күйүмдүү адам. Экөөбүз эки уул, бир кыздын ата-энеси болдук.

Кайын энем дагы жакшы адам, «Манас» эпосунан үзүндү айткан өнөрлүү адам. Быйыл 71 жашка чыкты. Мага дайыма кеп-кеңештерин берип турат. Мен кайын энеме абдан ыраазымын», - дейт Н.Орозалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×