Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.08.2019 22:59

Бишкек—Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен кагышкан «Мерседес-Бенцтин» айдоочусу каза болду. Сүрөт

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан айдоочу каза болду.

Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн маалыматына караганда, жол кырсык 9-августта саат 13:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 239-чакырымында катталган.

Ош тараптан Бишкек шаарын көздөй жүзүм жүктөп бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеге чыгып, мал жүктөп бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын сол капталын сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу алган жаратынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×