Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 09.08.2019 17:50 На русском

Ошто ичине 11 адам отуруп алган жеңил унаа токтотулду

Turmush -  Ош шаарында ичине 11 адам отуруп алган жеңил унаа токтотулду. Бул тууралуу Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Миралим Мирзаев билдирди.

7-августка караган түнү Ош шаарынын аймагында ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан айнеги караңгылатылган жана мамлекеттик белгиси жок унааларга рейд өткөрүлгөн. Анын алкагында «Опель Астра» үлгүсүндөгү жеңил унаага 10 адамды жүктөп алган айдоочу, айнеги караңгылатылган 6 автоунаа, мамлекеттик белгиси жок 1 унаа, мас абалда унаасын башкарып бара жаткан 1 айдоочу кармалган. Ошондой эле 76 айдоочуга протоколдор толтурулду.

Аталган рейд Ош шаарынын аймагында жол кырсыктарын алдын алуу максатында өткөрүлгөн. Иш-чара жумасына 2 жолу өткөрүлүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×